Nokia X3 00 - Санариптик укуктарды башкаруу

background image

Санариптик укуктарды башкаруу
Мазмун ээлери түрдүү санариптик укуктарды башкаруу (DRM) технологиясынын түрлөрүн өздөрүнүн

интеллектуалдык менчигин, анын ичинде автордук укуктарын, коргоого пайдалана алышат. Бул аспап DRM

тарабынан корголгон мазмунга кирүү үчүн, түрдүү DRM программалардын түрлөрүн пайдаланат. Бул түзүлүш

менен сизге WMDRM 10, OMA DRM 1.0, OMA DRM 1.0 алдыңкы кулпу жана OMA DRM 2.0 менен корголгон

мазмунга кирүүгө болот. Эгерде кайсы бир DRM программанын мазмунду коргоодо мүчүлүштүгү билинсе,

мазмун ээлери мындай DRM программанын DRM тарабынан корголгон мазмунга кирүү мүмкүнчүлүгүн жокко

чыгарууга суранышса болот. Жокко чыгаруу аспабыңыздагы андай DRM тарабынан корголгон мазмундун кайра

жаңылатуудан алып калат. Андай DRM программаларын жокко чыгаруу, башка DRM түрлөрү менен корголгон

же DRM тарабанынан корголбогон мазмундун пайдалануусуна таасир кылбайт.

DRM менен корголгон маалыматтар тиешелүү лицензия менен кошо келет. Ал сиздин маалыматты колдонууга

болгон укугуңузду тастыктайт.

Эгер Cиздин аппаратыңызда OMA DRM тарабынан корголгон маалымат болсо, анын лицензиясын жана

камтылган мазмунду сактоого, Nokia Ovi Suite камдык сактоо өзгөчөлүгүн колдонуш керек.

Сиздин аппаратыныздын эси форматталгандан кийин OMA DRM менен коргоолгон мазмунду пайдаланууну

улантуу үчүн керек болгон лицензия башка берүү жолдору менен өткөрүлбөй калышы мүмкүн. Сиздин

аппараттагы файлдар бузулуп калса, лицензияны кайра калыбына келтирүүгө туура келет.

Эгер аппаратыңызда WMDRM тарабынан корголгон мазмун болсо, лицензия жана мазмундун өзү форматталган

эстутум менен тең жок болушу мүмкүн. Аппаратыңыздагы файлдар бузулуп калса, сиз лицензия жана камтылган

мазмунду жоготуп калышыңыз мүмкүн. Лицензия же корголгон маалыматты жоготуу аппаратыңыз менен ошол

эле мазмунду колдонуу мумкүнчүлүгүңүздү чектеши мүмкүн. Кошумча маалымат алуу үчүн кызмат тейлөөчүгө

кайрылыгыңыз.

Кээ бир лицензия SIM карта бир түрүнө байланышкан болушу мүмкүн жана корголгон мазмунду SIM карта

аспапка коюлган учурда гана көрүүгө болот.