Nokia X3 00 - Карталар жана GPS

background image

Карталар жана GPS
Аспабыңызда ички GPS антеннасы орнотулган эмес. GPS байланышуусун

талап кылган тиркемелерди колдонуу үчүн, туура келүүчү GPS кабылдагычын

74

Карталар

background image

(кошумча аспап өзүнчө сатылат) пайдаланыңыз. Bluetooth зымсыз

технологиясын пайдаланып GPS кабылдагычын аспабыңыз менен

коштоштуруңуз. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн, GPS кабылдалгычка

берилген колдонмону караңыз.
Глобалдык Турак табуу Системасын (GPS) Карталар тиркемесине колдоо

көрсөтүү иретинде пайдаланууга болот. Жайгашкан жериңизди табыңыз, же

болбосо аралыктарды өлчөп жана координаттарды картага түшүрүңүз.

Аспабыңызды сырткы GPS кабылдагычы менен коштотулгандан кийин, аспап

бир нече мүнөт ичинде учурдагы турагыңызды көрсөтө алат.

Глобалдуу Турак Табуу Системасы (GPS) АКШнын Өкмөтү тарабынан

башкарылат жана анын тууралыгына жана тейлөөсүнө жалгыз гана АКШ

Өкмөтү жоопкерчиликтүү. Жайгашуу маалыматынын тактыгы АКШ Өкмөтү

тарабынан GPS спутниктерине жүргүзүлгөн түзөтүүлөргө көз каранды жана

бул түзөтүүлөр АКШ Коргоо министирлигинин атуулдук GPS саясатына жана

Федералдык радионавигациялык планга жараша жүргүзүлүшү мүмкүн.

Маалымат тактыгы спутниктердин туура эмес геометриялык орундарынан да

көз каранды болуп өзгөрүшү мүмкүн. GPS сигналдары сиз жайгашкан жерден,

үйлөр, табигий тоскоол жерлерден улам же аба ырайынын кесепетинен

жакшы жетпеши мүмкүн. GPS сигналдар имараттардын ичине же жер астына

жетпей калышы мүмкүн, жана бетон менен метал окшогон заттардан өткөндө

бузулуп калышы ыктымал.
GPS аспаптары жайгашуу жерди так чыгаруу үчүн колдонулбашы керек жана

сиз турак табуу же навигацияда жалгыз гана GPS кабыл алгычынан жана

уюлдук радио тармактарынан келип түшкөн жайгаштыруу маалыматтарга

ишенбей жүргөнүңүз оң.